Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Өкмөт башчы коррупция менен күрөштөгү кемчиликтерди тизмектеди


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт жыйынында өлкөдөгү коррупция менен күрөштө кемчиликтерди санады. Оторбаевдин айтымында, жемкордук менен күрөш жүрүп жатат делген менен айрым тармактарда бул күрөштүн жыйынтыгы сезилбей келет. Андан тармактарга өкмөт башчы энергетика, айыл чарба, каттоо кызматынан атады.

Ал эми экономика министри Темир Сариев болсо былтыр түзүлгөн жумушчу топ тогуз мамлекеттик органдан бир нече коррупциялык схеманы аныктаганын билдирди. Анын айтымында, эң көп коррупциялык схемалар Жол кайгуул кызматында, Энергетика министрлигинде жана Каттоо кызматында аныкталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG