Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Газа тилкесинде согуш уланууда


Уруш ок атышууларды токтотуу боюнча Египет арачылык кылган Израил-ХАМАС сүйлөшүүсү үч күн мурда токтогондо кайра уланган. Израил армиясы 22-августта Газага абадан 20 жолу сокку урганын билдирди. Газанын саламаттыкты сактоо кызматтарынын кабарлашынча, авиа чабуулдан эки палестиналык өлдү. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Жергиликтүү маалымат булактары 22-августта палестин согушчандары Израил менен кызматташты деп шектелген 18 адамды тындым кылганын билдиришти.

21-августта авиа чабуулдан ХАМАСтын үч жооптуу кызматкери өлгөн. Израил күчтөрү июлдун башынан бери Газада өткөрүп жаткан жортуул кезде эки миңден көп палестиналык набыт болду. ЮНИСЕФтин 21-августта билдиришинче, жайран болгондордун 469у жаш балдар. Андан тышкары 3 миңдей адам жарадар болгон. Израил тараптан 67 жаран, анын ичинде үч жоокер өлдү.

XS
SM
MD
LG