Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Украина Орусияны уруксатсыз өлкө аймагына кирди деп күнөөлөдү


22-августта орусиялык гумжардамды тарткан ондогон автомобилдер Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн бөлүгүнө чек арадан өткөн эле. Президент Путин гумжардамды дагы кармай берүүгө ынынып болбосун айтты. Ал Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жума күнү телефондон баарлашканда, Украина гумжардамды өткөрүүгө уруксатты ачыктан ачык созо бергенден улам, автокербен мерчемделген жакка жөнөтүлдү деди.

Чек арада бир аптадан бери топтолуп турган автокербендин Украина аймагына өтүүсүн президент Петро Порошенко “эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу” деп сыпаттады. Украин бийликтери гуманитардык кербендин арасында каруу-жарак болушу ыктымал деп, Эл аралык Кызыл Чырым уюму текшерип чыкмайынча, чек арадан өткөрүлбөйт деп жаткан.

XS
SM
MD
LG