Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

“Курманжан датка” тасмасынын биринчи саундтреги жазылды


“Айтыш фильм” студиясынан кабарлашкандай, “Курманжандын каты” деген ырдын негизинде тасманын биринчи райсмий сандтреги жазылып, клип тартылды. Ырдын автору белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалив. Музыкасын ырчы Каныкей жазып, өзү аткарган. Анда жаш Курманжандын Алымбек даткага болгон сезими баяндалат.

«Кыргызфильм» менен «Айтыш Фильм» бирге тарткан тасма быйыл 31-август, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата эл назарына тартууланат.

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга үч жылдай убакыт кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG