Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Ошту тазалаган жумушчулар эми велосипед менен иштейт


“Ош Тазалык” муниципалдык мекемесинин кызматкерлери мындан ары шаардын таштанды топтоочу жайларына шайтан араба менен барат. Бул үчүн мекеме жетекчилиги шаар тазалыгын камсыздаган 12 жумушчуга велосипед сатып берди.

“Ош Тазалык” ишканасынын жетечиси Талант Капаровдун айтымында, жумушчулар буга чейин 500-1000 метр аралыкта жайгашкан шаардын таштанды топтоочу жайларына жөө барып, убакытты көп коротушчу. Мындан ары алардын жолго короткон убактысы үнөмдөлүп, шаар ичиндеги акыр-чикир таӊкы саат 6:00гө чейин тазаланып бүтмөй болду.

Ош шаарында 300гө жакын таштанды топтоочу жай бар. Аны күн сайын тазалап туруучу 18 жумушчунун он экиси сегиз тонналык 116 таштанды контейнерин жөө жүрүп тазалаганга аргасыз болуп келишкен. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG