Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Жалал-Абад: Айт намазды эрте окугандарды жазага тартуу сунушталууда


Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургундары Айт намазды бир күн мурда окуган жарандарды жазага тартуу сунушун бүгүн милиция кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда айтышты.

Жергиликтүү тургун Давран Толубаев айылда эки ажырым пайда болгонун, милицияга баш бербегендерди жазага тартууну талап кылды. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Шухрат Шералиев аймакта башка диний агымга кирген жарандар арбындыгын жана күч түзүмдөрү бул багытта иш алып барууга тийиш экенин билдирди.

Ушул жылдын 28-июль күнү Сузактын Бек-Абад айылынын 300гө чукул жаштары Айт намазды бир күн мурда окугандыгы аныкталган. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча Жалал-Абад аймагында "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө катары 523 адам азыр каттоодо турат. Алардын 200гө жакыны Сузак районунда экендиги аныкталган.

Кыргызстанда Орозо айт 29-августта, көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө бир күн мурда белгиленген. Кыргызстандын муфтияты Орозо айт бир күнгө кеч калышын айдын көрүнүшү менен байланыштырган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG