Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

АКШнын эс алуу жайында орусиялык студенттин өлүгү табылды


20 жаштагы орусиялык студент Александр Сагиевдин сөөгү жума күнү, 22-августта АКШнын Вайоминг штатындагы Grand Tenton улуттук эс алуу жайында табылган.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Нижний Новгороддон барган студент каникул убагында пицца жасаган жайда иштечү. Маалыматка ылайык, өткөн жекшембиде ал тоого эс алууга кеткен. Жумушка чыкпай калган биринчи күнү аны издөөгө алтымыштай киши чыккан. Сагиевдин денеси тоонун этегинен табылган. Аны акыркы жолу “Сочи” деген жазуусу бар куртка кийип жүргөнүн көрүшкөн. Студенттин өлүмүнүн себептери азырынча айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG