Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

Ош: Орус тилдүү мугалимдер жетишпейт


Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов шаар мектептериндеги орус тилдүү мугалимдерге болгон таӊкыстыкты жоюу үчүн жумушсуз мугалимдерди ишке чакырды. Учурда Оштогу мектептерге жалпысынан орус тилдүү 45 мугалим жетишпейт. Анын ичинен башталгыч класстарга билим берүүгө 35 мугалим жок калууда.

Быйыл 1-класска келген окуучунун көптүгүнөн улам кошумча класстарды ачууга туура келген. Ош шаарындагы 59 орто мектептеги 53 миӊ окуучуга 3006 мугалим билим берет. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG