Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Донбассты калыбына келтирүү боюнча фонд түзүлөт


Донбассты калыбына келтирүү боюнча фонд түзүлөт. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Украинанын президенти Петро Порошенко Киевдеги жолугушууда макулдашты. Аталган фондго алгачкы салымды 500 миллион евро өлчөмүндө Германия салмакчы.

Жолугушуу жыйынтыгы менен маалымат жыйынында Меркел Украинанын чыгышындагы кагылышты токтотуу негизги милдет экенин айтып, ал үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирди. Немис канцлеринин айтымында, өлкө чыгышындагы ок атууну жаатташкан тараптарды мунасага чакыруу жана ЕККУнун катышуусу астында орус-украин чек арасын бекемдөө менен гана токтотууга мүмкүн.

Ошол эле учурда Меркел Украинанын чыгышындагы абал начарлап жаткан шартта Орусияга карата жаңы санкциялар киргизилбейт деген кепиилдик берилбей турганын эскертти.

Ангела Меркел Киевге 22-августта келген. Визит учурунда канцлер айым украин президенти Петро Порошенко, өкмөт башчысы Арсений Яценюк менен жолукту.

XS
SM
MD
LG