Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Украина эгемендигинин 23 жылдыгын белгилөөдө


Бүгүн Украина эгемендигинин 23 жылдыгын Киевдеги аскердик парад менен белгилейт. Быйылкы эгемендик күнү өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы аскердик операция жүрүп жаткан маалга туш келди.

Майрамдан бир күн мурун орусиялык гумжардамды тарткан ондогон автоунаа Украинанын аймагынан толук чыгып кетти.

Мурунку күнү Орусиянын 200дөн ашуун жүк ташыган машинасы Киевдин уруксатысыз жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин кызматкерлеринин коштоосу жок Украинанын чек арасын кесип өткөн.

Украин бийлиги Москванын бул кадамын эл аралык мыйзамдарды бузуу, Украина аймагын басып кирүү деп баалаган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын түштүк-чыгышына жардам берүү боюнча Москванын бир тараптуу чечимин айыпташкан.

XS
SM
MD
LG