Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Аламүдүндө 15 гектар чөп күйүп кетти


Аламүдүн районунун Арашан айылынын аймагындагы Кара-Кыя тоосунан өрт чыгып, 15 гектардан ашык аянттагы кургак чөп күйүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишембиде чыккан тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата райондорунун өрт өчүрүү кызматтарынан 50дөн ашык кызматкер, Коргоо министрлигинен 110 аскер жана 50дөн ашык жергиликтүү тургун тартылып, курчоого алынды. Бүгүн да өрттү толугу менен өчүрүү үчүн 50дөн ашык адам иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG