Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Абхазияда президенттик шайлоо өтүүдө


Бүгүн Абхазияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Кечээ күнү президенттикке талапкерлер Аслан Бжания, Леонид Дзапшба, Мираб Кишмария жана Рауль Хаджимба шайлоодон кийинки улуттук биримдик тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Алар кризистик абалдан биргелешип чыгуу үчүн атайын кеңеш түзүп, жаңы негизделе турган өкмөттүк коалицияга бардык талапкерлердин өкүлдөрүн киргизүүнү чечишти. Орусия жана саналуу өлкөлөр гана тааныган Абхазиянын президенти Александр Анкваб ушул жылдын июнь айында оппозициянын талабы менен отставкага кетүүгө мажбур болгон.

Абхазия жумурияты 1993-жылы Грузиядан бөлүнүп, бир тараптуу өзүнүн төбөлсүздүгүн жарыялап алган. БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, Абхазия Грузиянын курамына кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG