Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Нарын: жергиликтүү кабарчы сурак берүүдө


“Баракелде” маалымат сайтынын Нарындагы кабарчысы Күмөндөр Усуптегин жалган маалымат тараткан деген кине боюнча шаардык ички иштер бөлүмүндө суралууда. Бул тууралуу кабарчы өзү маалымдады. Ал 22-августта шаардык милицияга чакыртылып түшүнүк жазып берген.

Усуптегиндин айтымында, ал сайтка жергиликтүү бийлик өткөргөн аңчылык уюштуруу маселеси боюнча жыйындан кабар жазган. Милиция ошол кабарда жалган маалымат тараткансың деп суракка алып жатат. Журналист милициянын дооматын четке кагууда.

Быйыл май айында президент Алмазбек Атамбаев кимдир бирөөнү кылмыш жасады деп эл алдында жалган айтып чыкканы үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, атайылап жалган маалымат тараткандар 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бир катар укук коргоочулар жана журналисттер бул мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келерин айтып, сындап чыккан болчу.(TSh/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG