Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Ооганстанда жаңы президент сентябрда ишке киришет


Ооганстандын жаңы президентинин инагурациясы 2-сентябрда өтөт. Бул тууралуу мөөнөтү аяктаган президент Хамид Карзай билдирди.

Анын айтымында, өлкө өкмөтү бул күнү инагурация өткөрүүгө даяр жана дайындалган дата башка күнгө жылдырылбайт. Бул билдирүүнү Хамид Карзай Кабулдагы БУУнун өкүлү Ян Кубиш менен жолуккандан кийин жасады. Учурда шайлоонун экинчи айлампасынын добуштарын кайра санап чыгуу процесси аяктай элек. Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча азыр жалпы добуштардын 60 пайызы саналып бүттү.

Август айынын башында президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла шайлоодон кийин бирдиктүү улуттук өкмөт түзүүнү макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG