Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Абхазияда президенттик шайлоо өттү


Жикчил региондун бийликтеринин билдирүүсүнө караганда, 24-августта өткөн мөөнөтүнөн мурунку президенттик шайлоого калктын 60% көбү катышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Раул Хаджимба жеңишке жетишти.

Нааразылык акциясынын айынан июнь айында кызматтан кеткен Александр Анквабдын ордуна төрт талапкер ат салышты. Алардын ичинен Раул Хаджимба жана Аслан Бжаниянын мүмкүнчүлүгү жогору экени сурамжылоолордо аныкталган.

Бардык талапкерлер Орусия менен байланышты бекемдөөнү жакташкан. Грузия жана Европа Биримдиги шайлоону тааныбастыгын жарыялашкан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG