Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Өкмөттүн сайты иштебей турат


Өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча сайт качан ишке кирери белгисиз, бирок тез арада оңдоо аракеттери көрүлүп жатат.

24-августта дем алыш күнү сайтка хакердик чабуул болгон. Ушул тапта тийиштүү адистер сайттын иштебей калуу себептерин иликтеп жатышат. Сайттын иши тууралуу толук маалымат адистер жыйынтык чыгаргандан соң гана берилет. Өкмөттүн сайты буга чейин эки жолу хакерлердин чабуулуна кабылган болчу.

24-авгутта Тышкы иштер министрлигинин интернеттеги баракчасы дагы хакердик чабуулга кабылып, расмий сайттын башкы бетинде коркунучтуу тасманын каарманы коюлуп, англис тилинде “Көзүңдү жумбагын” деген сөз жазылган.(AzK)

XS
SM
MD
LG