Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу башталат


Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Нуржан Найзабекованын “Азаттыкка” билдиришинче, 28-29-августтан тарта Жогорку Кеңештин спикери жана вице-спикерлери, фракция лидерлери, премьер-министр, биринчи вице-премьер министр, Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэр, вице-мэрлери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлдөрү биометрикалык маалыматтарын тапшырышат.

Мындай кийин маалымат чогултуу бардык министрлик-ведомстволордо жүргүзүлөт. Биометрикалык маалыматтарды массалык түрдө чогултуу иши сентябрь айынан тарта башталат. Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек (ID карта, чет элге чыгуу паспорту жана 1974, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор зарыл).

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат тапшырууга ар бир жаран милдеттүү экенин эскертет. Ал эми 2016-жылдан тарта биометрикалык паспортту алуу жарандардын каалоосуна көз каранды болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG