Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Абхазиядагы президенттик шайлоону Хажимба жеңди


Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары айтылып жаткан Раул Хажимба добуш берүү учурунда. Сухуми, 24-август, 2014 -жыл.
Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары айтылып жаткан Раул Хажимба добуш берүү учурунда. Сухуми, 24-август, 2014 -жыл.

Жергиликтүү шайлоо комиссиясы билдиргендей, Абхазиянын президенти болууга үч ирет талапкер болгон Раул Хажимба азыркы шайлоодо добуштардын 50,57% топтой алды. Бул шайлоонун экинчи айлапасы болбойт дегенди билдирет.

Хажимбанын атаандашы Аслан Бжания добуштардын 35,91% алып, шайлоого элдин 60% келген.

Раул Хажимба абхаз президенттигинде Александр Анквабды алмаштырат. Ал саясий толкундоолордон улам быйыл 1-июнда кызматтан чегинүүгө аргасыз болгон.

Грузия өзүнүн жикчил аймагы катары санаган Абхазиядагы шайлоону мыйзамсыз деп атады.

2008-жылдын август айындагы согуштан кийин Орусия Абхазияны көз карандысыз өлкө катары тааныган.

Москванын чечимин саналуу гана өлкө колдоду. Орусия учурда Абхазияга каржылык колдоо көргөзүү менен ал жерде 4000дей аскерин кармайт. (UE)

XS
SM
MD
LG