Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Пакистанда премьерге жаңы ультиматум коюлду


Исламабаддагы анти-өкмөттүк демонстрация. 21-август, 2014-жыл.
Исламабаддагы анти-өкмөттүк демонстрация. 21-август, 2014-жыл.

Оппозиция лидери, мурдагы крикет жылдызы Имран Хан Исламабадда жыйналган жактоочулары алдында билдиргендей, эгер премьер Наваз Шариф кызматтан 24 саат ичинде чегинбесе, “Техрик-и-Инсаф” партиясы кийинки кадамын жарыялайт.

Имран Хан менен диниятчы Тахир-ул-Кадринин он миңге жакын жактоочусу парламент имаратынын астында Шарифтин кызматтан кетишин 15-августан бери талап кылууда.

Өкмөт жана оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы эки күн мурда натыйжасыз аяктады.

Имран Хан өткөн аптада Шарифке кызматтан чегинүүсү үчүн 48 саат убакыт берип, бирок сүйлөшүүлөр башталганда бул талабын кайра артка алган эле.

Пакистан оппозициясы Шарифти коррупцияга аралашкан, былтыркы парламенттик шайлоону бурмалаган деп айыптоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG