Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Иран палестиндерге курал берүүнү тездетет


Өлкөнүн элиталык аскерий бөлүгү - Революциялык гвардиянын аба күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаденин билдиргенине караганда, алар Иордандын Батыш жээгиндеги палестиндерди курал менен жабдууну тездетет.

Тегерандын бул чарасы Израилдин аракеттерине жооп иретинде көрүлүүдө.

Палестиндерге курал берүү операциясы тездетилери жөнүндө Тегаран Израилдин учкучсуз башкаруудагы чалгынчы учагын атып түшүрдүк деп ырастагандын эртеси айтылып жатат.

Иран тарап кабарлагандай, Израилдин учкучсуз башкарылган учагы Тегерандан 240 чакырым алыстыктагы Натаз уран байытуучу жайдын жанында кулатылган.

Мамлекеттик теле мунун сүрөтүн да көргөздү. Израил Ирандын айткандарын азырынча комментарийлей элек. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG