Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Арашан айылында өрт өчүрүүгө 500 киши тартылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, өрт чыккан аймакка бүгүн министр Кубатбек Боронов барып келди. Өрт чыккандан кийин 113 гектар жерге жайылган, анын 110 гектарында өрт өчүрүлдү. Учурда 3 гектары күйүп жатат.

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы Кара-Кыя тоосунда өрт 23-август күнү тутанган. Өрттүн себептери тактала элек. Аталган аймакта буга чейин 14-15-август күндөрү да өрт чыгып, өчүрүлгөн болчу. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG