Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз-тажик чегинде кайрадан ок атылды


Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлнара Бөрүбаева кыргыз-тажик чегинде бүгүн түштөн кийин болгон атышуу тууралуу “Азаттыкка” буларды маалымдады:

-Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара күзөттөрү ортосундагы атышуу Лейлек районунун Сай деген жеринде болду. Тажик республикасынын чек арачылары Кыргызстанга ичкери 800-900 метрдей кирип келип, чек аранын макулдашылбаган бөлүгүндө чек ара бекетин орнотууга аракеттенишкен. Биздин чек арачылар, албетте, буга жол берген эмес. Ортодо атышуу чыгып, куралды биринчи болуп тажик чек арачылары колдонгон. Алар ок атуучу гана куралды колдонбостон, төрт ирет минемоттон да атышкан.

Гүлнара Бөрүбаева "20-30 мүнөткө" созулган ок атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жоктугун, учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Окуяны тажик бийликтери комментарийлей элек. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыктын” тажик кызматына атышуу болгонун ырасташып, анын чоо-жайы иликтенип жатканын айтышты.

Ал эми “Азаттыктын” тажик кызматынын аймактагы кабарчысы Согди облусунун Бобожон Гафур районунун тургундарына шилтеме жасап, кыргыз чек арачыларынын огунан аталган райондун беш тургуну жаракат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Бобожон Гафур районунун тургундарынын ырастоосунда, чек арада ок 25-август күнү саат 18дерде, алар “талаш аймакта” көпүрө курулушуна нааразылык билдирип чыккан кезде атылган.

Тажикстан менен чек аранын Лейлектеги бөлүгүндө Кыргызстан Максат –Кулунду көпүрөсүн курууда.

Буга чейин кыргыз-бийликтери Максат -Кулунду көпүрөсүн курууга тажик тарап макулдук бергенин билдиришкен.

Бул көпүрө курулса Лейлек районунун төмөнкү аймагында жайгашкан 50 миңдей тургун көз карандысыз жолго ээ болмокчу.

Тажикстандын чек арадагы тургундары болсо аталган көпүрө алардын суу сактагычка карай жолун торойт деп санашат. (UE/AIT/JSA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG