Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Киев Орусиядан танкттар келишине тынчыздануу билдирди


Петро Порошенко Украинанын түштүк-чыгышына орусиялык танкттар жайгаштырылуусуна тынчыздануусун Еврошаркеттин расмий өкүлдөрүнө билдирген.

Порошенко ошондой эле Орусия “гуманитардык жардам” деген жүйө менен Украинага аскерий кербен жиберүү коркунучу бардыгын айткан.

Украин коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Андрей Лысенконун ырастоосунда, жикчилер өңдөнгөн орус аскерлери 10 танкт жана брондуу эки унаа менен чек арадан 25-августа кирген.

Лысенко кошумчалагандай, украин чек арачылары алар менен кагылышып, Новоазовск шаарчасынын жанынан токтотушкан. Расмий Киевдин бул ырастоолорун Москва четке кагууда. Бул аралыкта Орусия дүйшөмбү күнү Украинанын чыгышына дагы бир гуманитардык кербен жиберерин жарыялады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, алар Украинага бул ниетин кабарларды, Киевден так жана ыкчам кызматташтык болот деп күтөт:

- Гуманитардык пландагы кырдаал жакшырбастан жана кайра начарлоодо. Андыктан, ишти созуу эл аралык гуманитардык укук боюнча милдеттемелерди бузгандык болот.

Орусиядан киргендер менен украин күчтөрү ортосундагы уруш жана жаңы гуманитардык кербен тууралуу маалымат президент Владимир Путин эртең Минскте Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугар алдында чыкты.

Өзү ал жолугушууда Орусия менен Украинанын газ талашы талкууланышы керек.

Кремл Минскте Путин менен Порошенко эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүү мүмкүндүгү барын да жокко чыгарбайт. (UE)

XS
SM
MD
LG