Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Пакистанда оппозициялык диниятчы өлүмгө даярдыгын билдирди


Өкмөткө каршы митингдин лидерлеринин бири, диниятчы Тахир-ул-Кадри премьер-министр Наваз Шариф 48 сааттын ичинде кызматтан кетпесе, өлүмгө барарын дүйшөмбү күнү билдирди. Миңдеген митингчилердин алдына чыгып ак кепинди көрсөтүп, муну өзүнө же Наваз Шарифтин өкмөтүнө буйруганын айтты. Оппозициянын экинчи тобунун лидери Имран Хандын ультиматуму да дүйшөмбү күнү аяктаган. Оппозиция лидерлери парламент жана өкмөт имараттарына чабуул коюуга тарапкерлерин чакырышы мүмкүн экенин байкоочулар белгилешүүдө. Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган митинг Исламабадда 15-августтан бери жүрүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG