Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Ооганстанда бурмаланган добуштар жокко чыгарылууда


Ооганстандын Шайлоо комиссиясы 14-июндагы добуш берүүдө бурмаланган бюллетендерди 25-августта жокко чыгара баштады. Текшерүүгө 8 млн. бюллетен алынууда.

Президенттикке талапкерлер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани экөө тең шайлоодо жеңип чыкканын жарыялагандан кийин кырдаал тунгуюкка кептелип, АКШнын ортомчулугу астында добуштарды кайра саноо башталган. Бул арада Ооганстандын азыркы президенти Хамид Карзай 2-сентябрда жаңы президенттин ант берүү аземи өтөөрүн билдирди.

25-августта Ооганстанга келген АКШнын генералы Мартин Демпси Кошмо Штаттар президенттик шайлоодо пайда болгон туңгуюкка байланыштуу 2015-жылдын аягына чейин аскерлерин калтыруу жагын карап жатканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG