Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Лейлек районунун акими: түн тынч өттү


Райондун акими Тилебалды Арипов 25-августта кечинде Кулундуда топтолгон эл тарап, түн тынч өткөнүн бүгүн эртең менен “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымдосу боюнча, 25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокто 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол беришкен эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, бул ирет да минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Кыргыз чек арчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.

Тажик тарап алардын төрт жараны жабыркаганын кабарлады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG