Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушканы жатат


Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү бүгүн Баткенде же Тажикстандын аймагында жолугушуп, кечээки окуянын чыгуу себептерин талкуулай турган болууда. Азыр жолугушууну уюштуруу маселеси чечилип жатат.

25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокто 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол беришкен эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Кыргыз чек арчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.

Тажик тарап төрт жараны жабыркаганын кабарлады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG