Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого дагы 16 миллион сом бөлүндү


Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, ат майданын оңдоого бюджеттен бөлүнгөн 52 миллион сом жетпей калды. Андыктан Дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджетинен дагы кошумча 16 миллион сом бөлүндү.

Ушул тапта ат майдандагы курулуш иштери 50 пайыз бүткөну кабарланууда. 800 орундук ат майдан “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 киши бата турган болуп кеңейтилүүдө.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG