Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Баткен: Максаттан жаш балдар менен аялдар чыгып кетти


Лейлек районундагы Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, кечинде кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан кийин чек арага жакын бул айылдан жаш балдар менен аялдар башка айылдагы жакындарыныкына чыгып кетишкен.

Азыр аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички коопсуздукту сактоо үчүн милиция кызматкерлери тартылды.

Кечээ кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокто 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Тажик тарап төрт жараны жабыркаганын кабарлады. (JsA/AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG