Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Таласта бензин ташуучу машине күйүп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, окуя кечээ 25-августта Талас шаарында болгон. Маалыматка караганда, “Биримдик” аттуу компаниянын автобазасында 10 тонналык бензовоз күйүп, анын кесепетинен 6 киши жабыркаган. Азыр алар Талас облустук ооруканасында жатат. Айдоочунун абалы оор, калган беш киши жеңил жарат алышкан.

Машине күйгөн учурда анын ичинде 7 тонна күйүүчү майы болгон. Өрттүн себептери аныктала элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG