Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Бишкектин мектептеринде белгиленген ченден эки эседей ашуун окуучу бар


Бул туурасында бүгүн Бишкекте өтүп жаткан мугалимдердин салттуу август конференциясында айтылды. Шаардын мектептери 74 миң окуучуга эсептелгени менен соңку эки жылда окуучулардын саны 111 миңди түзгөн. Ушул тапта шаардагы мектептерде гана эмес, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде дагы орун жетишсиз. Мындай мекемелер 12 миң балага эсептелсе, 2013-14-жылдары анда окуган балдардын саны 24 миңге жеткен.

Бул жолку август конференциянын темасы – “Педагогикалык потенциалды өнүктүрүү- билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү башкы фактор” деп аталды. Жыл сайын өткөрүлчү салтуу жыйында 2013-14-жылкы билим берүү системасындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жаңы окуу жылына карата максат, милдеттер аныкталат.

Конференцияга билим берүү тармагындагы миңден ашуун кызматкер: мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, мектептен тышкаркы мекемелердин педагогдору, билим берүү уюмдарынын жетекчилери чакырылган.

Август конференциясы 18-августтан тарта региондордо да өткөрүлүп келе жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG