Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Өкмөткө мектептеги жайкы эс алууну узартуу сунушу жолдонду


Жаш ишкерлер ассоциациясынын директору Руслан Акматбектин “Азаттыкка” билдиришинче, алар окуу жылын 15-20-сентябрда баштоо сунушу менен бүгүн өкмөткө кайрылуу жолдошту.

- Эгер жайкы каникул узартылса бул ички туризмди өнүктүрүүгө жардам бермек. Сентябрдын биринчи жарымында күн жылуу, көлдө пансионаттар бош, жайындагыдай кымбатчылык болбойт. Каникул узартылса ата-энелер балдары менен кошо келип эс алмак. Ошондой эле сентябрда жыйын-терим башталып, балдар иштеп, ансыз деле окууга келишпейт. Алар кийин окуу программасын кантип кууп жетип жатышат. Буга баарыбыз көз жумуп жатабыз, - дейт Руслан Акматбек.

Билим берүү министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева аларга буга чейин мындай сунуш түшкөнүн жана министрлик бул маселени кылдат карап жатканын билдирди. Ал балдардын күзгү жыйын-теримде иштеши үчүн окуудан бошотуу сунушу балдар кодексине каршы келип калаарын эскертти. Министрдин орун басары быйыл мектеп окуучулары күзүндө жана кышында кадимкидей эле режимде окуп, каникулга тарай турганын кошумчалады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG