Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Тажикстан чек арадагы чатакта 2 жараны мерт болгонун маалымдады


Кыргызстан менен чек арадагы атышууда Тажикстандын 2 жараны мерт кетти, бешөө жараат алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына окуядан кийин түзүлгөн оперативдүү штабдын өкүлдөрү маалымдашты.

Маалыматка караганда, өлгөндөрдүн бири чек ара заставасынын башчысы Азамат Азимов, экинчиси – Овчи-Калъача айлынын тургуну, 25 жаштагы Нумонжон Набиев. Анын сөөгү бүгүн эртең менен жерге берилди.

Жарадар болгондор Бобожон Гафур районунун ооруканасына жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, бирөөнүн абалы өтө оор.

Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымдооcуна караганда, 25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокко 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Натыйжада ок атылган. Тажик тарап бул ирет да миномет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

XS
SM
MD
LG