Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Баткенде кыргыз-тажик күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүп жатат


Бул туурасында “Азаттыкка” Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди. Анын айтымында, жолугушууга эки тараптын чек ара кызматынын, ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрү катышып, чек арада болгон кечээки окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Жолугушуу Лейлек районун Интернационал айылындагы көзөмөл өткөрүү бекетинде өтүүдө.

25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек жерге 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, бул ирет да минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кыргыз чек арчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG