Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Порошенко менен Путин Минскте жолугушу мүмкүн


Украина жана Орусия президенттери Минсктеги саммитте сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн. Акыркы жолу Петро Порошенко менен Владимир Путин 6-июнда Нормандияда жолугушкан.

Кремл лидерлердин кездешү ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков тараптар ок атышууну токтотуу жана Украинанын чыгышындагы гуманитардык абалды сөз кылышы мүмкүн деп билдирди.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Твиттерде: “Минскте оңой болбойт. Бирок биз дипломатиялык таймашка даярбыз. Президент чечкиндүү маанайда жөнөдү”, - деп жазды.

Бажы биримдигинин саммиттине ошондой эле Беларус жана Казакстан президенттери Александр Лукашенко жана Нурсултан Назарбаев катышууда. Минсктеги сүйлөшүүлөргө Европа Биримдигинин өкүлдөрү да чакырылган. Катышуучулар Украинадагы акыркы кырдаалды талкуулашары күтүлүүдө.

Кечээ Порошенко парламентти таркатып, жаңы шайлоону 26-октябрга белгилеген.

XS
SM
MD
LG