Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

УКМК журналистти миллион сомдук доого жыгууга ниеттенүүдө


Бул туурасында “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, УКМКнын Ош облустук башкармалыгы “Фергана.ру” маалымат агенттигине макаласы жарыяланган журналист Шохрух Саиповду туура эмес маалымат жазгандыгы үчүн чакырып, ага түшүндүрүү ишин жүргүзгөн.

- Өзүбүздүн аброюбузду, ар-намысыбызды коргоо боюнча сотко бергенбиз. Жакында сот болот. Бирок ага чейин журналист коомчулуктун алдында расмий кечирим сураса, анда бул иш ошону менен тынч бүтөт,- деди Рахат Сулайманов. Ал УКМК журналистке кечээ айтылгандай символикалуу түрдө 1 сом эмес, 1 миллион сом доо коюлуп жатканын тастыктады.

Көз карандысыз журналист Шохрух Саипов УКМКнын Ош облустук башкармалыгы аны “Фергана.ру” сайтына 31-майда жарыяланган макаласы үчүн сотко берип, андан 20 миң доллар акча өндүрүп алганы жатканын билдирген. Макалада аты жашырылган адам атайын кызматтын кызматкерлери динге байланышы бар адамдарды кармап текшерип, тыюу салынган уюмдарга тиешеси жоктугу аныкталса деле коё берүү үчүн 500 доллар талап кылганы туурасында айтып берген. Саипов макаладагы өздүк булактын аты-жөнүн жашыруун кармоого мыйзам жол берерин белгилейт. Соттук териштирүү 28-августта болот. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG