Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

ДССУ электрондук чылымга каршы


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму электрондук чылымды жашы жетелек балдарга сатууга тыюу салууга үндөдү. 26-августта жарык көргөн докладда уюм ошондой эле андай тамекини жарнамалоону, жабык жайларда тартууну да тыюу керектигин эскертет. Адистер “электрондук чылым кадимки тамекини таштоого жардам берет” деген ырастоолор илимий деңгээлде далилденмейинче, сатуучулар андай жазууларды колдонбоого тийиш деп эсептешет. Жаңы доклад октябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөлөрү тарабынан талкууланмакчы.

Акыркы кездерде электрондук чылым рыногу кеңейип баратат. Бирок дарыгерлер анын ден соолукка тийгизген узак мөөнөттү кесепети жетиштүү изилдене элек дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG