Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Тажик ТИМи чек арадагы окуя боюнча билдирүү жасады


Тажикстандын тышкы иштер министрлиги чек арадагы окуя боюнча билдирүү таратты. Анда “кыргыз тараптын киши өлүмүнө алып келген аракеттерине чечкиндүү нааразылык” билдирилет. Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузууну жана маселени күч менен чечүү аракетин кабыл алууга болбойт деп эсептейбиз, - делинет документте.

Министрлик өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү утурлай бул өңдүү провокациялар көбөйгөнүн, алар эки тараптуу кызматташтыкка терс таасир тийгизээрин белгилеп, болочокто ушундай кырдаал түзүлсө, Тажикстан өз жарандарын жана аймагын бар каражаттар менен коргоорун эскертет.

Буга байланыштуу Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы мекемесине нота жөнөттү.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG