Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Порошенко: Минск жолугушуусу дүйнө үчүн чечүүчү болмокчу


Украинанын президенти Петро Порошенко Минсктеги сүйлөшүү “дүйнөнүн жана Европанын келечеги үчүн чечүүчү болмокчу” деп билдирди. Саммитке Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Беларус жана Казакстан президенттери Александр Лукашенка менен Нурсултан Назарбаев жана Европа Биримдигинин жогорку өкүлдөрү катышууда.

Жыйын алдындагы сөзүндө Порошенко ал саясий компромисс табууга аракеттенгенин, жикчилерди курал-жарак менен камсыздоону токтотуу Украинанын чыгышына тынчтык алып келээрин белгиледи.

Путин болсо кошуна өлкөдөгү кризисти Киев жана түштүк-чыгыш Украинанын өклдөрүнүн диалогу аркылуу гана жөнгө салса болот деп билдирди.

Маалыматтарга караганда, Назарбаев Порошенкого Путин менен тикелей эки тараптуу сүйлөшүү өктөрүү керектиги тууралуу айтты.

Казак лидери андан тышкары элдешүүгө жана гуманитардык жардамды өктөрүүгө үндөдү.

Буга чейин Порошенко менен Путиндин жыйын алдында кол алышканы кабарланган. Акыркы жолу президенттер 6-июнда Нормандияда жолугушкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG