Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Иран жана Сауд Аравиясы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Амир Абдуллахиан Сауд Аравиясында “позитивдүү жана конструктивдүү” сүйлөшүү өткөргөнүн билдирди. Иранда Хасан Роухани президенттик кызматка келгенден кийин бул эки мамлекеттин биринчи жолу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү болуп калды. 26-августта Жидда шаарында болгон сүйлөшүүдөн кийин Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри Сауд ал-Фейсал жана Амир Абдуллахиан эки мамлекеттин саясий мамилесинде жаңы барактарды ачуу зарылдыгын белгилешти. Иран жана Сауд Аравиянын ортосунда атаандашуу жана Ирак, Сирия жаңжалдары боюнча карама-каршылыктар болуп келгени маалым. (AiT)

XS
SM
MD
LG