Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Абдулла Абдулла добуштарды кайра саноодон баш тартышы мүмкүн


Ооганстандын шайлоо комиссиясы 14-июнда болгон президенттик шайлоодо ташталган бюллетендерди кайра саноодо. Президенттикке талапкер Абдулла Абдулланын шайлоо комиссиясынын жетекчилеринин бири Фазел Ахмад Манави добуштарды кайра саноо “жөн эле тамашага айланды" деп, бурмаланган бюллетендер жараксыз деп табылбай жатканын 26-августта билдирди. Манавинин айтымында, эгерде Абдулла Абдулланын бурмаланган добуштарды жокко чыгаруу талабы аткарылбаса, анда алар 27-августтан тарта андан чыга турганын эскертти.

Ооганстандагы президенттик шайлоодо Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла экөө тең жеңгенин жарыялаган. АКШнын ортомчулугу астында добуштарды кайра саноо башталган. Талапкерлер президент Хамид Карзай менен жолугушууну белгилешкен. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG