Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Израил жана Палестина узак мөөнөттүк тынчтык келишимге жетишүүнү макулдашты


Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн макулдашуу Египеттин ортомчулугу менен Каирде жетишилди. Сүйлөшүү мезгилинде жараша туруу жөнүндөгү макулдашуу 26-августтан тарта күчүнө кирди. Макулдашууга ылайык Израил Палестинага жасалган блокадасын жеңилдетип, Газа тилкесине курулуш материалдарын жана гуманитардык жүктөргө уруксат берет. Ал эми блокаданы толук алуу жана ХАМАСты куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөр Каирде бир айдын ичинде башталууга тийиш. Палестин Израил чатагында 2100 палестин, 68 жөөт өмүрүнөн ажырады. Газа тилкеси талкаланып, миңдеген адамдар жараат алды жана турак жайынан ажырады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG