Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Бишкекте кыргыз-тажик сүйлөшүүсү бүгүн уланат


Бул тууралуу чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.Чек араны делимитациялоо боюнча вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсү кечээ күнү башталган. Тажик делегациясын вице-премьер-министр Мурадоли Алимардон, Кыргызстандыкын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектөөдө.

Курбанбай Искандаровдун айтымында, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы 25-августтагы окуя да каралууда. Белгилүү болгондой, бул сүйлөшүүлөр башталаар алдында 25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду жергесинде кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, анда тажик тараптан эки киши набыт кетип, бешөө жарадар болгону кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG