Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Жалал-Абадда камактагы милициянын жакындары митингге чыкты


Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Нурбек Саиповдун жакындары Базар-Коргондо бүгүн митингге чыкты. Ош - Бишкек жолуна (Базар-Коргондогу чоң көпүрөнүн жанына) чогулган 150дөй адам 9 айдан бери камакта отурган Саипов атайын буйрутма менен камалганын айтып, аны актоону талап кылышты. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, күч кызматкерлери коопсуздук маселесине байланыштуу Ош - Бишкек жолун эки сааттай жаап, кайра ачты.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Саипов жана анын кол алдында иштеген Санжар Досматов 2013-жылдын 3-октябрында камалган. Учурда Сузактагы убактылуу кармоочу жайда жатышат. Аларга баңги затын мыйзамсыз соодалоого катышы бар деп күнөө коюлган. Бул боюнча Сузак райондук сотунда 28-август күнү кезектеги жыйын болот. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG