Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Сот Савченкону абакта кармоо мөөнөтүн кароодо


Орусиянын Воронеж шаарында сот украиналык учкуч Надежда Савченкону тергөө абагында кармоо мөөнөтүн кароодо. Бүгүнкү сот отурумунда Савченко Украинадан тергөө материалдарында жазылып жүргөндөй 30-июнда эмес, 24-июнда уурдалып Орусияга алынып келингенин айтты.

Учкуч аялдын адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, күрөөгө чыгарууну соттон өтүнүүдө. Орусиянын Тергөө комитети аны Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савчено жана Украина бийлиги аны орусиячыл жикчилер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. Өткөн аптада украин президенти Порошенко Савченкону "Эрдик үчүн" ордени менен сыйлаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG