Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Биометрикалык маалымат бербегендерге айып пул салуу сунушталууда


Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат берүүдөн баш тарткан жарандарга айып салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө журналисттерге биометрикалык маалыматтарды топтоочу жабдуулар көрсөтүлгөн учурда мекеменин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Бул демилгенин ишке ашышы жана айып пулдун өлчөмү канча болору азырынча так эмес.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгү расмий түрдө башталды. Алгач өздүк маалыматтарын 28-августта парламенттеги беш фракциянын башчылары жана беш вице-спикер тапшырат. Анын артынан эле өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэр, вице-мэрлери жана облустардагы өкмөттүн өкүлдөрүнөн алынат.

Жарандардын маалыматтарын чогултуу сентябрда башталат. Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изин, көздүн санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Өнөктүк келерки жылдын августуна чейин уланат.

Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG