Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Валюта фондунун жетекчисине карата тергөө жүрүүдө


Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагардга карата тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу France-Presse агенттигине Лагард айым өзү билдирди. Айтымында, тергөө аны Франциянын каржы министри болуп турганда ишинде шалаакылык кетирген деп шектөөдө. Бирок Лагард буга байланыштуу азыркы кызматынан чегинбей турганын айтты.

2008-жылы, ал министр болуп турганда Франция өкмөтү мамлекетке тиешеси бар Credit Lyonnais банкы менен соттошкон Бернар Тапи аттуу француз бизнесменине 400 миллион евро компенсация төлөп берген. Ал кезде өлкөнү Николя Саркози башкарып турган жана 2007-жылкы шайлоодо Тапи Саркозиге колдоо көрсөткөн.

Кристин Лагардга азырынча расмий айып тагыла элек. Ал өзү мамлекеттин кызыкчылыгында гана иштеп келатканын айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG