Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Арзымбаевди атып кетишти


Алтынбек Арзымбаев кылмыш тобунун мүчөсү экенин мойнуна алган эмес
Алтынбек Арзымбаев кылмыш тобунун мүчөсү экенин мойнуна алган эмес

Кримчөйрөдө “Жин” деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Арзымбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө тобу түзүлдү.

“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болгон, кийинчерээк соттолгону аныкталып мандатынан ажыраган Арзымбаевди Бишкектеги кичи райондордун биринде 26-августтун түнүндө атып кетишти.

ИИМ буга чейин кылмыш топтор арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу, таасир бөлүшүү максатында тирешүүлөр орун алып жатканын маалымдаган эле.

Милициянын маалыматы боюнча, Алтынбек Арзымбаевди 26-августта кечки саат 11лер чамасында шаардын 8-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип баратканда атып кетишти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, Арзымбаевге төрт ок тийген жана алган жаратынан ошол жерде жан берген:

- Окуя болгон жерден 6 гильза алынган. Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен атылганы аныкталып жатат. Алынган окторду экспертизага жөнөттүк. Бүгүн эртең менен ошол окуя болгон жерди кайра карап жатып, бир гильза менен атылбай калган ок таптык. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бакыт Сейитов ушул жазда Арзымбаевге кол салуу фактысы далилденбей калганын кошумчалады:

- Шаардагы Октябрь районунда Токтоналиев көчөсүндөгү спорт комлексинин жанында ок атышуу болду, анда Алтынбек Арзымбаевге ок атылды деген маалымат келгенден кийин ошол окуя болгон жерге барып иликтесек, ок атылганын уккан, көргөн, билген адам болбоптур. Анан материалдардын баары ошону менен токтоп калган.

Арзымбаев былтыр жазында Бишкекте эки айга камакка алынган. Ага 28-февралда шаарда бир адамдын өмүрү кыйылган, дагы бир канча адам жаракат алган ок атышууга тиешеси бар деген айып тагылган эле.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалынын атын атабаган оперативдүү кызматкери Арзымбаев Кара-Көл шаарынын мурунку мэри менен соттошуп жүргөнүн айтып берди:

- Ал Бишкекте спорт мектепте окуган. Ошондо эле көчө таптап, милицияга түшүп жүрчү. Былтыр Кара-Көлдүн мэри Илияс Эркеев менен карыз тууралуу соттошуп, эки-үч ай абакка отуруп чыккан. Ушул окуядан кийин депутаттык мандатынан ажыраган.

Жакында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү, же ага катышы бар деп тизмектеген жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин арасында Алтынбек Арзымбаевдин да аты аталган эле. Милициядагы ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча ал алгач Рыспек Акматбаевдин тобунун мүчөсү катары каттоого алынган. Бирок бул топко тиешеси бардыгын мойнуна албагандыктан жана ал дадилденбегендиктен "дагы башка кылмыш топтордун" мүчөсү катары милициянын көз кырында жүрчү.

Тартип коргоо органдары Арзымбаевдин өлүмүн бир канча божомолдор боюнча иликтеп жатат. Буга чейин кылмыш топтор арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу, таасир бөлүшүү максатында тирешүүлөр орун алып жатканы айтылган.

Ички иштер министринин оперативдүү иштер боюнча орун басары Калыбек Сатыбалиев мурункудай буйрутма киши өлтүрүүлөр тыйылганы менен кылмыш топтору арасында жаңжалдашуу бар экенин тастыктаган.

- Беш-алты жыл мурун эле Кыргызстанда акыбал башкача эле. Борбор шаардын так ортосунда депутаттарды, ишкерлерди атып өлтүрүп, ал эми милиция кызматкерлерине кол көтөрө баштаган. Бүгүн болсо андай факт жок. Ооба, кылмыш топтору арасында өз ара тирешүү болуп жатат. Биз андай нерселерге тез арада көңүл буруп, тийиштүү чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү отургузуп жатабыз.

Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын тургуну 33 жаштагы Алтынбек Арзымбаев эки жыл мурун “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Арзымбаевдин аты мындан эки жыл мурун чуулгандуу видеого байланыштуу чуу чыккан. Анда Абдулла Юсупов менен бирге апрель окуяларында талап-тоноого катышканы тууралуу көрсөтмө берген Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу аял тымызын тартылган. Жарым сааттык тасмада ал ошол 2012-жылдын 11-ноябрында революция уюштурулганы жатканын, план боюнча “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов президент, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы болорун, кримчөйрөдөгү авторитеттер менен байланышы бардыгын айтып берген. Ошондо тасмада өңү көрүнбөгөн, жакшы тааныштардай чай үстүндө Дүйшөнкулованын тамырын тартып баарлашып отурган, бирок бул сүйлөшүү жашыруун тартылып жатканын билген эки адамдын бири Арзымбаев экени айтылган.

XS
SM
MD
LG