Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Ооган президенттигине талапкер Абдулла добуштарды кайра саноодон чыкты


Бириккен улуттар уюмунун байкоосунун астында жүрүп жаткан бюллетендерди кайра саноодон чыкканын президенттикке талапкер Абдулла Абдулла жарыялады. Абдулланын шайлоо кампаниясынын жетекчисинин орун басары Мухамадуллах Хайдаринин 27-августтагы билдирүүсүнө караганда, санакка алардын талаптары аткарылса жана алар катышпай жаткан учурда чечим кабыл алынбаса кайтышы мүмкүн. Улуттар Уюму экинчи талапкер Ашраф Ганиге кайрылып, адилеттик үчүн ал дагы кайра санактан командасын чыгарып кетүүсүн сунуштады. Ашраф Гани аны кабыл алды. БУУнун өкүлү Николас Хейсомдун 27-августтагы билдирүүсүнө караганда, добуштарды кайра саноо эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу менен уланууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG