Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Хабаровск: мигранттардын жаңжалы боюнча кылмыш иши козголду


Хабаровск аймагында кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттардын ортосундагы жаңжал боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы кыргыз элчилигинен кабарлашты.

Апта башында аталган аймакта эки өлкөнүн ондон ашуун жараны мушташып, кыргызстандык үч, өзбекстандык бир жараан жараат алганы тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Мушташ болгон жердеги автоунааларга да зыян келтирилгени айтылган.

Хабаровск милициясы жаңжалга катышкан 11 адамды кармады. Мушташтын себептери териштирилип жатат. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, алар айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG